Сумбула Юнайтед ийгиликтерди жаратууда

Лейлек районунун Сумбула айыл Өкмөтүнүн Мөл булак финансылык микро компаниясы тарабынан уюштурулган 2007-2008-жылкы жаш өспүрүмдөр арасындагы Республикалык фудболдук турнир өтүүдө. Искра айылында түзүлгөн Сумбула Юнайтед фудболдук командасы бүгүнкү күндө ийгиликтерге жетишүүдө.Бул тууралуу команданын машыктыруучусу жана Мол-Булак микро компаниясынын кызматкери Шарафидин Алдашовдун маалыматында Мол Булак финансылык кредиттик компаниясы жаштардын арасында бул турнирдин өткөрүүнүн максаты өлкөбүздө келерки 15-20 жыл аралыгында дүйнөлүк масштаптагы команданы чыгаруу.

Фудболдук команданы каржылап, турнирге даярдоо айыл Өкмөтүн Искра айылындагы аталган компаниянын филиялы аркылуу жүзөгө ашы жатат.

Бүгүнкү күндө Сумбула Юнайтед фудболдук командасы Ак-Суу айыл Өкмөтү, Исфана, Сүлүктү шаар башкармалыгынан түзүлгөн командаларын жеңип, ийгиликке жетүүдө.

Калаган турнирдеги Кулунду жана Жаңы-Жер айыл Өкмөтөрүнүн командалары менен беттешип, жеңишке жетишсе Ыссык-Көл областына жолдомо алат. Даярдаган: Данияр Исакбаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *