Сумбулада 1-4-класстар аралыгында лагерь өткөрүлүүдө

Лейлек районуна караштуу Манас атындагы орто мектебинде 1-4-класстардагы окуучулардын жайкы лагери өтүлүүдө. Лагер ЮСАИД уюумунун колдоосунун негизинде уюшулган.Бул тууралуу башталгыч класстын бирикме жетекчиси Динара Төлөнбаеванын айтуусунда, Лейлек району боюнча 2015-жылдан бери ЮСАИД тарабынан уюштурулуп келе жатат.Быйылкы окуу жылындагы жайкы лагерде “Келгиле, окуйбуз!” долбоордун негизинде өтүлүп жатат.

Окуучуларга Нургиза Баймуратова, Канаатова Кызжибек эжекелер сабак өтүүдө.

Лагердин максаты окуучуларды сүрөт тартууга, сөз байлыктарын өстүрүүгө, шыктандыруу менен билимин көтөрүү.

Даярдаган: Маматкулов Бектур.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *