Энеликти жана балалыкты коргоо акциясы

    Cумбулада 2019-жылдын 9-октябрында  “Энеликти жана балалыкты коргоо”боюнча профилактикалык иш чара өттү.

  Лейлек райондук мамлекеттик админстрациясынын жана Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, Сумбула айыл өкмөтүнүн демилгеси астында уюштурулган “Энеликти жана балалыкты коргоо” акциясы аймактагы Андарак, Искра, Сары-Дөбө, Көк-таш айылдарында өткөрүлүп кыз-келиндер арасында аялдардын жана жаш балдардын ден-соолугун сактоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, даректүү тасмалар көрсөтүлдү.

Бул иш чара боюнча Лейлек райондук мамлекеттик админстрациясынын орун басары Марапат Ташболотова төмөнкүлөрдү айтты:

“Бүгүнкү кундө өткөрүп жаткан иш чарабыз балдардын жана энелердин ден-соолугуна кам көрүп жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш чарада өздүк гигиенаны сактоо оорунун алдын алуу максатында дарыгерлерден өз убагында текшерүүдөн өтүп туруу эскертилди”.

 

Сумбула айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрөайымы Уулман Каразакова мындай деди:

“Айылыбызда ушун сыяктуу иш чаралар өтүп турса келечек муундарыбыздын ден-соолугу чың жана энелерибиздин арасында жугуштуу оорулар азаймак”.

Бул иш чарага Сумбула айылынын тургундары жана жогорку класстын окуучу кыздары катышты.

 

Даярдаган: Нурислан Жанибеков

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *