Бүтүрүүчү ЖРТга даярсыңбы?

Окуу жылынын аягында мектеп бүтүрүүчүлөр ЖРТга катышып өз билимин текшеришет. Жана бул тесттин жыйынтыгы менен жогоркуу окуу жайларына кабыл алынат. Төмөнкү тест бүтүрүүчүлөр үчүн болуп кыргыз-тили боюнча болот.

Читать далее Бүтүрүүчү ЖРТга даярсыңбы?

Глобалдуу көйгөйдү чечүү

Эки жылдан бери бүткүл дүйнөлүк күндүн катуу ысып кетүүсүнүн натыйжасында булак сууларынын азаюусунун жоюу максатында Сумбула айыл өкмөтү Андарак,Сумбула,Сары-Дөбө айылдары пайдалануучу суугат жана ичүүчү суу менен камсыздай турган жайлоонун этегинде жайгашкан
IMG-20150718-WA0015
Бар-булактын айланасын тосуу көйгөйү курч эле.Бул долбоорду ишке ашырууда УВКБ ООН тарабынан каржыланып айыл өкмөттүн эсебинен,айыл тургундарынын колдоосу менен булак иш жүзүнө ашты.IMG-20150718-WA0002
Булактын айланасы тосулуп,мал булактын көзүн кечпей өтүп жатат.Жана да жугуштуу оорулардын саны азайып жатат.Бул долбоордун ишке ашуусу үчүн Эл аралык толеранттуулук уюму дагы жакындан жардам берди.Бүгүнкү күндө суунун көлөмү көтөрүлүп айыл тургундарынын керегине жарап жатат.
IMG-20150718-WA0007
Жана бул жөнүндө айыл өкмөт башчысы Бекмуратов айтты:
«Азыркы кезде булак толугу менен тосулуп бүттү.Бул долбоор ишке ашуу үчүн УВКБ ООН уюму тарабынан айыл өкмөттүн эсебинен жана да,айыл тургундарынын эсебинен каржыланып долбоор ийгиликтүү аяктады.Биз албетте талыкпай иштеп учурдагы глобалдуу көйгөйлөрдү чечип жатабыз.Буга чейин булак суусунун көлөмү аз болуп дээрлик суу жетишпей турган»-дейт Бекмуратов.
Кошумчалап айтып кетсек дагы «Кулкунек» аттуу булагыбыз корукка алынган.Буга чейин аны малдар кечип суулары ашып ташып жаткан жана да жергиликтүү элдер сууну булгап кирдеткен.Аны айыл өкмөт айланасын тосуп суу ашып чыкпай турган кылып койду.Бул дагы учурдагы глобалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.Азыркы кезде ал булактан элдер таза жана дарылык касиети бар сууну ичип жатышат.

Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»

Андарактыктар картошканан мол түшүм күтүүдө

Быйылкы жылы биздин айылда көп эле сүйүнүчтүү кабарлар болду десек да болот.Алар:билим уянын толук бүтүшү жана ачылышы,жаан-чачындын мол болушу,жер азыктарынын өсүп жетилип жатышы жана башка айта берсек арбын.Жер азыктарынын эң эле негизгиси бул картошка.Картошка азыркы кезде гүлдөп жакшы жетилип келүүдө.Апта сайын үч жолу арыктарга суугат үчүн суу келет.Ал суу дал ушул картошкага суугаруу максатында колдонулат.Ал суу тоодон түз эле айылдагы арыктарга келет.12-71BDAC4F-2328286-96012-CB9916EC-2050100-960 Азыркы кезде картошкаларыбыз өсүп жетилип келе жаткан убагы.Ар бир айыл тургуну картошканын мо л түшүмүн каалаган эле.Сыягы алардын тилеги аткарылды окшойт.Бул картошкалар өсүп жетилип олтуруп күз айларына барып бышат.Картошкалар бышкандан кийин дыйкандар үй-бүлөсүн багуу үчүн аларды базарга алып чыгып өз баасында сатышат.Мына ушинтип дыйкандар өз камылгасын көрүп жаткан убагы.IMAG5478
«Суусуз өмүр жок»-деп айтылгандай эч бир жан суусуз жашай албайт.Суу көп болгондуктан картошка да өз түшүмүн мол бергидей.Ар бир дыйкан өз картошкасын жакшы карап суугарып жаткан убагы.Быйылкы жылы дыйкандарга иши оңунан түштү десек да болот.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине тапшыруу үчүн сынакка»